Биз менен байланышыңыз

Манасчы, дастанчылардын кароо-сынагы башталды

Кыска кабар | 27 Июн 2019 | 709 | 0

Бүгүн, 27-июнда  V Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык фестивалынын алкагында манасчылардын жана дастанчылардын республикалык кароо-сынагы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында башталган кароо-сынакка Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев да катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Белгилей кетсек, министрлик кабыл алган жобого ылайык, уюштуруу тобу 26-июнга чейин 5 жаштан 25 жашка чейинки жаш манасчы, дастанчылардын «Билдирме-анкетасын» кабыл алган. Келип түшкөн анкеталардын негизинде тандалып алынган манасчылар бүгүн саат 9да каттоодон өтүштү. Ал эми дастанчыларды каттоого алуу эртең саат 9да башталат.

Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи эртең, 28-июнда дастанчылардын кароо-сынагы жыйынтыкталгандан кийин орун алат.

Copyright © 2017 Maral FM