Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 533 | 0

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 20-июнунда кабыл алынган.

Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында кабыл алынган мыйзам менен 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга бир топ маанилүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM