Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 27-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 15….20… күндүз: 31… 36 °C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 11….16….күндүз: 30…..35°C;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 16…21….күндүз: 31……36°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 10…15….күндүз: 23……28°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 8….13…..күндүз: 24….29°C;
27-июнда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 34….36°C, түнкүсүн 17….19°C.