Биз менен байланышыңыз

Финполдун бөлүм башчысы 70 миң сом пара алып кармалды

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 425 | 0

Бүгүн, 26-июнда Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматынын бөлүм башчысы, майор А. Ж. 70 миң сом пара алып жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, А. Д. аттуу жаранды Кыргызстандын аймагында ишкердик боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, 5 миң доллар өлчөмүндө пара сураган.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды.

Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM