Биз менен байланышыңыз

Исаев: Атамбаев күнөөсүз болсо, партиянын төрагалыгынан кетмек эмес

Кыска кабар | 26 Июн 2019 | 471 | 0

Атамбаев чындап күнөөсүз болсо, партиянын төрагалыгынан кетмек эмес. «Коркпойм, кол тийбестигимден ажырата бергиле, ак экенимди далилдеп берем» демек. Ал дароо коркуп, партиянын төрагалыгын өткөрүп берип, кол тийбестик макамга ээ болуп турайын деген аракет болду. Буга чейин сот чечсин дечү эле, бүгүн эми мыйзамсыз кадамдарга барып, эл топтоп, элдин артына жашынып жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев билдирди.

Мындан сырткары, айрым маалымат каражаттарындагы: «Бир топ саясатчылар, депутаттар жана прокуратура шашылыш түрдө саясий бир буйрукту аткаргансып, Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча ыкчам түрдө иштеп жатат», — деген маалыматты четке какты.

«Биринчиден, бул — түшүнбөстүк болуп жатат. Биз 40-50дөн ашык депутат демилге көтөрдүк, депутаттар саясий орган катары Жогорку Кеңеш бирөөнү күнөөлөй алат. Биз 55 депутат Атамбаевдин күнөөлөрүн так белгилеп, Жогорку Кеңешке кайрылдык. Жогорку Кеңеш коммиссия түздү, комиссия изилдей албайт. Прокуратура көрсөтүлгөн күнөөлөр боюнча негиз барбы, териштирүүгө жөн барбы, ошону карайт. Аны 2-3 күн эмес, 2-3 саатта карап койсо болот», — деди Канатбек Исаев.

Ошондой эле, прокуратура иликтеп, суракка алыш үчүн Жогорку Кеңеш кол тийбестигинен ажыратып бериши керектигин айтып, ошондо гана прокуратура иликтеп күнөөлүү-күнөөсүз экендигин аныктай турганын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM