Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште тышкы карыз боюнча жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 648 | 0

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын тышкы карызы боюнча жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Комитет жыйынында аталган маселе боюнча Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов, илимпоздор Асылбек Айдаралиев жана Кулубек Бөкөнбаев баяндамалары менен чыгышты.

Ошондой эле, ушул жылдын октябрында бул маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүү пландаштырылды.

Copyright © 2017 Maral FM