Ысык-Кѳл облусунда 193 мектеп иш алып барса, анын 20га жакыны авариялык абалда. Бүгүнкү күндө эшик-терезесин көк басып кеткен ондогон билим берүүчү жайлар бар. Анын кесепетинен ден соолугунан жабыркаган окуучулар да жок эмес. Тилекке каршы, каражаттын тартыштыгынан жаңы имарат курулбай келет.
Талантбек Эстебесов Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында турат. Ал акыркы жылдардан бери балдардын келечеги үчүн кабатыр экенин айтып, көк басып кеткен мектептин абалына нааразы. Анткени, Советтер Союзунун мезгилинде курулган имараттын эскилиги жетип, дубалдар, эшик-терезелер ным тарта баштаган. Мындай кыйынчылыктан улам, айрым окуучулар Каракол шаарына барып-келип окуганына да кооптонот.
— Биздин айылыбызда элдин саны абдан көп. Жаны мектептин жоктугунан балдарыбыз шаар ичинен барып-келип окушат. Ал эми эски мектептен билим алууга таптакыр мүмкүн болбой калды. Мурда атайын коомдук унаалар бекер ташычу эле. Азыр андай мүмкүнчүлүк жок, акча төлөшөт. Мына өзүнүздөр көргөндөй, имаратты грибок басып кетти. Жогорку бийлик өкүлдөрүнөн жаңы мектепке убагында акча бөлүп, тезирээк бүткөрүлүүсүн суранабыз.
Атап айтканда, Жаңы-Арык айылындагы С. Кулматов атындагы мектептин биринчи корпусу 1947-жылы курулса, экинчи имарат 1979-жылга таандык. Акыркы 7 жылдан бери айрым класстардын ичи көк жыттанып, алдын алууга көп жолу аракеттер жасалган. Кээде сабактарды токтотууга мажбур болушуп, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жаткандарын тарых мугалими Чынара Данабаева айтып берди.
— Мисалы, мен сабак берген тарых кабинетине киргенде эле жагымсыз жыттанат. Балдар күн сайын баштары ооруп жаткандарын айтышып, көп учурда сабактын аягына чыкпай калабыз. Албетте, бул деген грибок, андан дем алып жатканыбыз өкүнүчтүү. Эгер жаңы мектеп салынып калса, ушул жыттан арылат элек. Мисалы, бул класста эртең мененки мөөнөттө 25, түштөн кийинки мөөнөттө 24 окуучу билим алат.
Маселен, облуста 50-60 жыл мурда салынган мектептердин абалы жакшы экенин окуу жайда эмгектенген дагы бир мугалим толуктайт. «Анткени, алар өз учурунда сапаттуу салынган. Ал эми бул имарат жарактан чыкса да, билим берүү уланууда» — деди Бактыгүл Чыбаева.
— Биздеги билим берүү көйгөйү 7 жылдан бери келе жатат. Чириген полдорду канчалык алмаштырган менен зыяндуу микробдор таптакыр жоюлбайт экен. Буга чейин атайын изилдөөдөн да өткөрүп көрдүк. Андан дем алган окуучулардын ден соолугуна тескери залакасын тийгизери анык. Ар жылы тиешелүү комиссиянын өкүлдөрү текшерүүгө келип, иштетүүгө тыюу салып кетет. Канча жолу чечим чыкканы менен, эч кандай жыйынтык жок. Ошол эле мектепте окууга аргасызбыз.
Мындай түйшүктөн улам, элеттеги 3 миңге жакын калк нааразы экенин билдирип, бул жылы жаңы имарат курулуусун талап кылышты. Ага Өкмөттүн каражаты жетпегендиктен, «Ысык-Көлдү өнүктүрүү» фонду 48 миллион 790 миң сом бөлөрүн билдирген. Бирок, баштапкы курулушка быйыл 5 миллион сом гана каралат. Ага карабай, спорт комплекси камтылган 320 орундуу мекеме курула баштаганын Кара-Жал айыл аймагынын башчысы Сагындык Бараканов билдирди.
— Бүгүнкү күндө «Тунук-курулуш» ЖЧКсы тендерди утуп, 48,5 миллион сомго бааланган 320 орундуу мектепти куруп баштады. Ага билим берүүчү классттардан сырткары, ашкана, спорттук аянт да камтылат. Негизи Советтер Союзунун мезгилинде эле азыркы мектептин имараты сапатсыз деп бааланып, жаңы имартттын пайдубалы тургузулган болчу. Бирок, СССР чачырап, 1991-жылы кайрадан токтоп калган. Учурда 370 окуучуга 1 кабаттуу мектеп тар болуп, айрым колунда бар ата-энелер Каракол шаарынан окутуп жатышат. Жаңы мектеп курулуп бүткөнчө 330дай окуучу эски имараттан билим алып турууга аргасыз.
Белгилей кетсек, С. Кулматов атындагы мектептин эски имаратында учурда 400гө жакын окуучу билим алат. Бул жылы жаңы имарат салынып бүтпөгөн соң көгөргөн имараттын чириген полдору алмашылып, косметикалык оңдоп-түзөө менен гана чектелүүдө. Бул сыяктуу кооптуу деген билим берүү жайлары облуста дагы ондоп саналат.