Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура: Атамбаевге коюлган 5 айыптоодо кылмыш белгилери бар

Кыска кабар | 25 Июн 2019 | 510 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы тарабынан Алмазбек Атамбаевге коюлган айыптоолордун ичинен «өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш тобун түзүп алып, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады» деген айыптоого экс-президенттин катыштыгы жок деп табылгандыгын Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов айтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми Атамбаевге коюлуп жаткан калган 5 айыптоодо Кылмыш кодексинин «коррупция» беренеси боюнча кылмыш белгилери бар деген тыянак чыгарылды. Комитет мүчөлөрү Башкы прокуратуранын корутундусун эске алуу менен Жогорку Кеӊештин кароосуна жиберүү чечимин кабыл алышты.

Эске салсак, бүгүн, 25-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Атамбаевди макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча» Жогорку Кеӊештин убактылуу атайын комиссиясынын ишинин жыйынтыгына Башкы прокуратурасынын корутундусу каралды.

 

Copyright © 2017 Maral FM