Биз менен байланышыңыз

Футбол. Америка Кубогу: Чейрек финалдагы курамалар аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 25 Июн 2019 | 480 | 0

Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Америка Кубогу-2019 мелдешинин чейрек финалына өткөн командалар аныкталды.

25-июндун таңында «С» төрттүгүнүн тайпалык үчүнчү туру өтүп, Уругвай-Чили, Япония-Эквадор курамалары беттешти.

Уругвай курамасы беттештин соңку мүнөттөрүндө Эдисон Кавани киргизген гол менен Чили курамасын жеңип, тайпадан биринчи орун менен чыкты.

Тайпадагы Япония-Эквадор беттешинде жеңүүчү аныкталган жок. Эсеп 1:1. Чейрек финалга чыгуу үчүн эки командага тең жеңиш гана зарыл болчу. Бул жыйынтык башка тайпадагы Парагвай командасынын плей-офф баскычына чыгышына шарт түздү.

Эми Америка Кубогу-2019 мелдешинин 1/4 финалдык баскычында беттешүүчү жуптар төмөнкүдөй болду:

28 июнь Бразилия – Парагвай;

29 июнь Венесуэла – Аргентина жана Колумбия – Чили;

30 июнь Уругвай – Перу

Copyright © 2017 Maral FM