Биз менен байланышыңыз

«Жаш балдар уялбай депутат болгум келет деп жазып жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2019 | 512 | 0

«Биз эл өкүлү деген наамыбызды жоготуп, кайысы бир партиянын кызыкчылыгын коргогон топко айланып баратабыз». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кийинки чакырылыштарда учурда парламентте үн катпаган эл өкүлдөрүнүн тили чыга баштайт.

«Мага жакпаганы, жаш балдар уялбай депутат болгум келет деп жазып жатат. Бул каалоо жаман эмес. Көп учурда «чалдар кеткиле бизге орун бергиле» дешет. Бирок бул орун бере турган дастаркон эмес. Парламентке добуш топтоп келишет», — дейт Масалиев.

Ал кошумчалагандай, парламенттин сыртындагы партиялар шайлоого даярданып жатышат. Ал эми ЖКдагы партияларда мындай аракеттер байкалбайт.

«Эң көпчүлүк болгон КСДП өзүнүн короосун тазалап шыпыра албай жүрөт. Алардын жетечисинин дайыны жок болуп турат. Акчага добуш сатып алуу тартипке айланып бара жатат. Шайлоочулар 3-4 партиядан каражат алат, алардын кимге добуш бергенин билип болбойт. Экономика, идеология өнүксө шайлоо алдында таркатылган каражаттын кереги жок болуп калат», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM