Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча токтомду карай баштады

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 447 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча Жогорку Кеңеште кабыл алынган токтомду Башкы прокуратура карай баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын өкүлү Жаркынай Азиева “Маралга” билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура бул токтом боюнча канча убакытта чечим кабыл алаары белгисиз.

Эске салсак, 13-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу жана күнөө коюу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын ишинин жыйынтыгында демилгечи топ тарабынан көтөрүлгөн 9 пункттан турган айыптоолор каралып, алардын 6 пунктунда мыйзам бузуулар бар деген тыянак чыгарылган. 20-июнда Жогорку Кеңеште Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу жактырылып, токтом Башкы прокуратурага жолдонгон.

Copyright © 2017 Maral FM