Биз менен байланышыңыз

Асанов: Сентябрда бир топ беренелерге өзгөртүү киргизилет

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2019 | 688 | 0

2019-жылдын сентябрынан тарта жыл башында күчүнө кирген кодекстер боюнча бир топ беренелерге өзгөртүүлөр киргизилет. Учурда даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Жаңы кабыл алынган кодекстерде кээ бир көрүнүштөр бар. Толук кандуу соттук реформа жүргүзүү үчүн өкмөттүн жана мамлекет башчынын саясатын колдоо менен бирге ИИМде атайын жумушчу топ түзүлгөн. Көптөгөн мыйзам, кодекстерге өзгөртүү киргиздик. Алдыда дагы өзгөртүү киргизүү зарыл деп эсептейм. Анткени чөнтөк уурулары, мал жандыктарын уурдоо боюнча маселелер бар», — дейт Асанов.

Анын айтымында, жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен кылмыш ишин козгоо деген түшүнүк жоюлган. Тагыраагы, мыйзамсыз иш алгач Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат. Андан сотко чеийн өндүрүш башталат. Башкача айтканда, тергөө амалдары жүргүзүлөт.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта «Жазык кодекси», «Жазык-процессуалдык кодекси», «Жазык-аткаруу кодекси», «Жосундар» жана «Бузуулар» тууралуу кодекстер күчүнө кирген.

Copyright © 2017 Maral FM