Биз менен байланышыңыз

ЕАЭБдеги пенсия маселеси комитетте талкууга алынат

Кыска кабар | 24 Июн 2019 | 470 | 0

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүнкү отурумунда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун карашат.

Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Аталган маселе боюнча өлкөнүн Социалдык фондунун төрагасы Медер Ирсалиев баяндама жасайт. Маселе комитеттин бүгүнкү отурумунда Макулдашууга киргизилет.

Отурумда мындан тышкары Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы “Каржылоо жөнүндө Макулдашуу» долбоору сыяктуу бир катар маселелерди кароо пландалган.

Copyright © 2017 Maral FM