Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 25-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 15….20… күндүз: 29… 34 °C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 14….19….күндүз: 28…..33°C;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 16…21….күндүз: 30……35°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 10…15….күндүз: 22……27°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 7….12…..күндүз: 18….23°C;
25-июнда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 32….34°C, түнкүсүн 18….20°C.