Биз менен байланышыңыз

Жолдубаева: Атамбаев курал колдонуу жөнүндө мыйзамдарды жакшы билет

Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 453 | 0

Алмазбек Атамбаевдин сыйлыкка берилген куралы бар жана ал аны колдонуу жөнүндө мыйзамдарды жакшы билет. Мындай пикирин КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

«Экс-президент өзү жөнүндө гана айткандыктан, эч кандай башка куралды назарда тутпаганы ар бир акыл эстүү адамга түшүнүктүү. Демек, ал кимдир бирөөнү кантип коркутмак эле? Анын сөздөрү өз өмүрүн тобокелге салбасы үчүн коргоочуларына карата айтылган«, — деп жазат Кундуз Жолдубаева.

Эске салсак, кечээ 22-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары анын Кой-Таштагы үйүнө чогулушкан болчу. Анда Атамбаев ага эки-үч жумадан бери Чүйдүн жигиттери келип жаткандыгын, өзүн-өзү коргоп көнгөндүгүн жана эч кимдин коргоосуна муктаж эместигин, өзүнүн курал-жарагы бар экендигин айткан болчу.

Атамбаевдин мындай билдирүүсү интернет барактарында кызуу талкуу жараткан.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM