Биз менен байланышыңыз

Ноокен: Эки жашар бала аман-эсен табылды

Кыска кабар | 23 Июн 2019 | 419 | 0

Ноокен районунун Тоскоол-Ата токой чарбасынын Жээрде-Айгыр жайлоосунан 20-июнда болжол менен саат 14:00дөр чамасында 2017-жылы туулган Р.И. атуу баланын жоголгондугу тууралуу Майлуу-Суу шаардык Ички иштер министрлигине 21-июнь күнү саат 12:30дар чамасында маалымат түшкөн.

Мунун негизинде Майлуу-Суу шаардык жана Ноокен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары Майлуу-Суу шаардык Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте издөө салып, Р.И.ни жашаган чатырынан 5 чакырым алыстыкта сай бойлоп бара жаткан жеринен табышып, ата-энесине аман-эсен тапшырышты. Баланын ден-соолугу жакшы. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Издөө иштерине Майлуу-Суу шаардык Өрт-куткаруу бөлүмүнүн башчысынын жетекчилигиндеги куткаруучу топ, милиция кызматкерлери издөө иштерин баштаган, жана жергиликтүү жашоочулар да тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM