Биз менен байланышыңыз

Күрүч ташып, «Hyundai» компаниясын түптөгөн Чон

Блог | 22 Июн 2019 | 3308 | 0

Элестетип көрүңүз, бүгүн велосипедде дүкөндөргө күрүч таратып жүргөн жигит менен маектешип калдыңыз, ал сизге эмнелер жөнүндө айтып берген болот эле? Балким, жашоонун татаалдыгы, эртеңки күндүн караңгылыгын, так эмес пландарын…

Корея жарым аралынын түндүк бөлүгүндөгү эң четки айылдардын биринде, көп балалуу үй-бүлөнүн тун уулу Чунг Джу Юнг 1915-жылы жарык дүйнөгө келет. Баары аны «күрүч ташуучу» деп чакырат эле. Оор жумуш, агалык жоопкерчилик аны эрте чоңойтту. Башталгыч мектепти бүткөндөн кийин эле ата-энеси окуудан чыгарып, темир жол курулушуна жумушка орноштурат. Буга аябай ачуусу келет.

Кыялдарга карай…

Өспүрүм Чунг Джу Юнг кыялдарынын артынан борбор калаа Сеулга жол алат. Чунг Джу Юнг алгач дүкөндөргө күрүч таратат. Бир канча убакыт акча чогултуп, 1940-жылы кичинекей унаа оңдоочу устакана ачат. Бул жер, бүгүн дүйнө эли билген «Hyndai group» корпорациясынын бешиги болуп калды. Чунгдун лакап аты – Асан болчу. Ал 1990-жылдарда эки өлкөнүн мамилеси жакшырган соң Түндүк Кореяга расмий барган алгачкы түштүктүк коноктордон болгон. Сапардын урматына эки өлкө ортосунда болот көпүрө курулуп, Асандын Ата журтуна 1000 баш бодо мал белекке берилет.

Эмнеге бодо мал?

Чунг 18 жашында үй-бүлөсүнө таандык болгон уйду сатып, Сеулга качып келген. Кийинчерээк баары өз нугуна түшкөн соң, үй-бүлөсүн өз камкордугуна алган. Улгайган Асан жарым кылым өтүп, айылына 1000 баш бодо мал менен кайтканы сонун жаңылык болду. Асанды «болот кайрат ээси» деп айтышат. Бүгүн «Hyndai group» дүйнөнүн эң ири кемечилик, унаа чыгаруу жана ондон ашуун тармактарда жетекчилердин бири болуп саналат.

Күрүч ташуучуну өзгөрткөн 6 нерсе.

Кара жумушчу. Аны кореялыктар бүгүнкү күнгө чейин кара жумушчу катарында эске алышат. Ооба, ал ушунчалык мээнеткеч эле. Миллиардер болгон кезинде да жөнөкөй жумушчулар менен кара жумуш кылуудан кайткан эмес.

Эрте турган. Чунг Джу Юнгдун үй-бүлөсү ар күнү таңкы 5:30да эртең мененки тамакты ичкен. Өзү болсо, балдарынан 1 саат эрте ойгонгон.

Бекем ишеним. «Кыялдануу жана анын ишке ашуусун күчтүү каалоо байлап турат», — деген болчу ал.

Жакын адамдарын кадырлаган. Ийгиликтүү күндөр башталар замат Асан ага-ини жана жакындарын бир жерге чогултуп, аларга баш болуп биргеликте иш алып барган.

Артка чегинүүдөн мурун, бир жолу болсо да аракет кылып көргөн. Бул ишти аткарууга жок дегенде бир ирет аракет кылып көрдүңбү? Ал ар дайым ушул суроону өзүнө берет эле. Жумушчуларын көйгөйгө эмес, анын чечимине көңүл бурууга чакырган. Ишеним жана тайманбастык, Чунг Джу Юнгдун мүнөзүнүн негизин түзгөн десек да жаңылышпайбыз.

Мекенчилдик. «Машиналар – дөңгөлөккө орнотулган улуттук желектер. Эгер биз жакшы унаа иштеп чыгарып, аны экспорт кылсак, ал бүтүн дүйнөгө Корея технологиясы жана өнөр – жайыбыздын кудурети жөнүндө кабар берет», — деген эле бизнесмен.

 

Дайыр Максыт уулу

Copyright © 2017 Maral FM