Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Исскуство ишмерлеринин жигердүү аракетин Өкмөт колдоого алат

Кыска кабар | 22 Июн 2019 | 568 | 0

Сиздин мындан да чоң ийгиликтерге жетишериңизге ишенебиз. Мындай пикирин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти, жаш балет бийчиси Фарух Садыркуловду кабыл алуу учурунда айтты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, Фарух Садыркулов атамекендик хореографиянын тарыхында алгачкы жолу ушул жылдын февраль айында Москва шаарында өткөн классикалык, заманбап сахналык жана элдик-сахналык хореографиянын DANCEMOSСOW эл аралык сынагында I орунду ээлеген.

«Алгачкы жолу биздин өлкөнүн катышуучусу жогорку деңгээлдеги сынакта биринчи орунду алды. Бул сыяктуу жеңиштер жана жетишкендиктер өлкөдө балет өнөрүнүн кайра жанданышына негиз болуп, сиз сыяктуу эл аралык мейкиндикте ийгиликке жетише турган башка жаштарыбыз үчүн үлгү жана дем болот», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Ошондой эле, вице-премьер-министр кыз-жигиттердин искусствонун ар кыл  тармактарында эл аралык сынактарга катышып, жигердүү аракеттери менен ийгиликтерге жетишип, өлкөбүздүн атын чыгарып жатканын белгилеп, Өкмөт маданият жана искусство кызматкерлери үчүн зарыл шарттарды түзүп берүүнүн үстүндө иштеп жатканын маалымдады. Муну менен бирге, жаштардын дагы да чоң ийгиликтерди багынтып, эл аралык деңгээлде тааныларына ишенерин кошумчалады.

Өз кезегинде жаш балет бийчиси Фарух Садыркулов вице-премьер-министрге ыраазычылык билдирип, коомчулуктун жана мамлекеттин колдоосу ал үчүн маанилүү
экендигин жана мындан ары да көбүрөөк аракет кыла баштаарын айтты.

Кыска маектешүү, куттуктоодон соң, Алтынай Өмүрбекова Фарух Садыркуловго Премьер-министрдин атынан 50 миң сом тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM