Биз менен байланышыңыз

Депутат Сурабалдиева: Чек арада кыргыз-казак аткезчи топтордун тиреши жүрүүдө

Кыска кабар | 22 Июн 2019 | 453 | 0

Кыргыз-казак чек арасында эки тараптагы аткезчи топтордун ортосунда тиреш жүрүп жатат.

Мындай маалыматты КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутат айым муну товарлардын Казакстан аркылуу чыгып баштаганы менен байланыштырат.

Эльвира Сурабалдиева чек арадагы мындай кырдаалдан улам өлкөнүн быйылкы бюджети 10-15 млрд сомдон кол жууп калат, деп болжолдойт.

Copyright © 2017 Maral FM