Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада аялдардын коомдогу ордун арттырууга багытталган форум өттү

Кыска кабар | 22 Июн 2019 | 669 | 0

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Жогорку Кеңештин айым депутаттары жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана район активинин катышуусунда кезектеги форумун өткөрүштү.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Иш чарада аялдардын укугу, үй- бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, ала качуу боюнча мыйзамдарды катаалдаштыруу жана жергиликтүү кеңешке аялдардын келишин шарттоочу 30 пайыздык квотаны сактоо боюнча мыйзамдардын аткарылышы талкууланды.

Жыйында алименттер боюнча тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар ортого салынды.

Форумдун алкагында коомго жасаган пайдалуу иштери менен айырмаланган активист айымдар атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, аталган форумга Жогорку Кеӊештин айым депутаттары Ирина Карамушкина, Аида Исмаилова, Гүлшат Асылбаева жана Айсулуу Мамашева катышты.

Copyright © 2017 Maral FM