Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 22-июнда жаан жаайт

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 553 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 22-июнда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. .

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 14…19… күндүз: 25… 30 °C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 13….18….күндүз: 25…..30°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 16…21….күндүз: 25……30 °C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 10…15….күндүз: 20…25°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 8….13…..күндүз: 20….25°C;

22-июнда Бишкекте күндүз  кыска  мөөнөттүү жамгыр жаап, түнкүсүн жаан чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 27….29°C, түнкүсүн 17…19°C.

Copyright © 2017 Maral FM