Биз менен байланышыңыз

Кара-Балта шаарына эл акыны Турар Кожомбердиевдин эстелиги тургузулду

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 1491 | 0

Кыргыз эл акыны Турар Кожомбердиевдин эстелиги Кара-Балта шаарындагы акындын атын алып жүргөн Балдар китепканасынын алдына тургузулду. Бул тууралуу акындын кызы Нургүл Кожомбердиева кабарлады.

Эстеликтин ачылыш аземи эртең, 22-июнда акындын туулган күнүнө карата өтөт. Ага Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев жана Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, ошондой эле, эл акындары, эл жазуучулары, акындын замандаш-каламдаштары, чыгармачылыгын сыйлаган күйөрмандары катышары күтүлүүдө.

Эстелик 2016-жылы акындын 75 жылдыгына карата Сары-Булак айылында өткөзүлгөн марафондо чогулган акчага тургузулган жана ага Жайыл районунун акимчилиги, Кара-Балта шаарынын мэриясы көмөк көрсөткөн.

Белгилей кетсек, буга чейин акындын эстелиги 2017-жылы өзү туулуп-өскөн Жайыл районунун Сары-Булак айылындагы Турар Кожомбердиев атындагы орто мектептин алдына тургузулган.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Сары-Булак айыл аймагынын башчысы Кайрат Маатказиевдин жана Германиянын Ханнс Зайдел фондунун колдоосу менен салтка айланган веложарыш болот. Веложарыш быйыл 7-жолу өткөрүлгөнү турат.

Турар Кожомбердиев 1941-жылы Калинин (азыркы Жайыл) районунун Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Чыгармачылыктагы чыйыр жолу балдар ырларын жазуу менен башталган. Алгачкы китеби 1968-жылы «Көлчүктөгү ай» аталышында жарык көргөн. Ал ошол кездеги эң абройлуу Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыган. Андан тышкары,  «Кызыл алма», «Эне жана от», «От өчпөгөн коломто», «Нурлуу терезе» сыяктуу ондогон китептердин автору. «Күн чыгышым», «Энем менен атама», «Жаңы жылды тосолу», «Булактагы кездешүү» «Жүрөктү жүрөк тандасын», «Түнкү серенада» сыяктуу 100гө жакын ырына обон жазылган. Китептери 10дон ашуун чет тилге которулган. Акын 1989-жылы дүйнөдөн өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM