Биз менен байланышыңыз

Орусияга кыргызстандык согуш ардагерлеринин эстелигин тургузуу сунушталды

Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 613 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов 31-январда Москвада кыргыз диаспорасынын жетекчилери жана активисттери менен биринчи жолугушуусун уюштурду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жекшенкулов эки өлкөнүн жалпы тарыхый жана руханий мурастарын сактоо максатында Тверь облусунун Ржев аймагында Улуу Ата-Мекендик согуш мезгилинде каза болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган эстелик тургузууну сунуштады. Аны Москва облусундагы жана Москва шаарындагы кыргыз диаспорасы менен биргелешип тургузуу маселесин койду.

Аталган сунушту диаспоралык уюмдардын активдери бир добуштан колдошту.

Мындан сырткары “жүк 200” жеткирүү үчүн каражаттын төлөнүшү, мектеп жана бала бакча жашындагы балдардын Орусияда билим алуусу, авиа жана темир жол билеттеринин баасын төмөндөтүү, эмгек мигранттарынын жашоосун жеңилдетүү жана башка маселелер каралды.

 

Copyright © 2017 Maral FM