Биз менен байланышыңыз

«Атамбаевдин айланасында жүргөндөр азыр Жээнбековдун командасы»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Июн 2019 | 479 | 0

Кандай президент келбесин, анын айланасына топтолууга жөндөмдүү эл өкүлдөрү, аткаруу бийлигинин өкүлдөрү болот. Алар мыйзамдардын автору болуп, көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, убагында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында жүргөндөр азыр өзүн президент Сооронбай Жээнбековдун командасы катары көрөт. Алар көпчүлүк учурда Конституциялык мыйзамдарга автор болот.

«Мыйзамдарды өздөрү иштеп, сунуштоо биз сыяктуу жөнөкөй депутаттарга түшпөйт. Андай мыйзамдарды президенттин айланасындагылар автор болуп көтөрүп чыгат. Ошондуктан, көпчүлүгү билинбей калат. Бирок убагы келсе, баары жооп берет. Алсак, азыр Конгантиев, Салянова жооп берип жатат», — дейт Орозова.

Эл өкүлү мындан сырткары, кээде палатада ар кандай оюндар болуп кетерин белгилейт.

«Президент орчундуу маселелерди бизге киргизет. Эл өкүлдөрүнүн аны чечүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок палата өзүнүн ыйгарым укуктарын толук пайдаланбайт», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM