Биз менен байланышыңыз

Салыкчылар чек арага тонналап мыйзамсыз киргизилген унду аныктады

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 415 | 0

Салык кызматы «Чалдыбар» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 45 тонна унду жана 8,6 тонна коонду алып келүүдөгү мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат бөлүмү кабарлады.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 20-июндун түнүндө «Чалдыбар-Автожол» кыргыз-казак чек арасынан өлкөгө тийиштүү документтери жок жалпы 8,6 тонна коон алып келе жаткан беш машинаны текшерүүгө алышты.

Мындан тышкары, башка импорттоочунун коштомо кагазда көрсөтүлгөн маалыматтары менен автоунаасына жүктөлгөн ундун иш жүзүндөгү сорту дал келбей калган. Тактап айтканда, документте 1-сорттогу 45 тонна ун алып келингендиги көрсөтүлсө, иш жүзүндө жогорку сорттогу ун алып келингендиги далилденген.

Атайын текшерүү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын жердеги транспорттук көзөмөл жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунда ишке тартылган Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Ар бир укук бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

Copyright © 2017 Maral FM