Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда жер титиреди

Кыска кабар | 21 Июн 2019 | 69 | 0

Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер силкинүү түндө саат 00:50 чамасында болгонун Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү Аксы районунун Кербен шаарында 3 баллга, Мундуз, Күлүк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жана Сары-Кашка айылында 2 баллга чейин жеткен. Кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM