Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматы бүгүн Араван районунда сууга чөккөн эки адамды издөөнү улантат.
ӨКМдин маалымат кызматы кабарлагандай, кечээ Ош облусунун Араван районуна караштуу Кайрагач-Арык айылындагы Түштүк Фергана каналына 2 адам чөгүп кеткен.
Жеринде издөө ишин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 22 куткаруучу, 20 милиция кызматкери тартылган. Бирок табылган жок. Издөө иштери бүгүн да улантылат.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ саат 13:50 чамасында болгон. Каналга 1 эркек адам менен 1 аял түшүп кеткен.