Биз менен байланышыңыз

Карамушкина: Атамбаев дайыма чындыкты айткан

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 808 | 0

КСДП фракциясынын депутат Ирина Карамушкина парламентте мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси каралып жатканда, Атамбаевдин колдоосу менен депутат болгондорго кайрылды. Ал убагында Атамбаев эч кимди куугунтуктабаганын жана ачуу болсо да дайыма чындыкты айтканын эске салды.

— Силер баарыңар анын мүнөзүн билесиңер. Ал эч кимди куугунттуктаган эмес, кайсы бир жерде ката кетирсе, кайра кечирим сурачу. Ар бир маселени фракция лидерлери, депутаттар менен акылдашып чеччү. Ошондуктан, азыркы болуп жаткан аракеттер оюн деп эсептейм. Эгер Атамбаев камалса – ал саясий туткун болот. Эми укук коргоо органдарына кайрылуудан да натыйжа чыкпайт окшойт. Процесс башталды, артка жол жок экенин көрүп турабыз.

Бүгүн парламентте экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу жактырылды. Ага 105 депутаттын 100ү «макул» деп добуш берди.

Бул токтом Башкы прокуратурага жолдонду. Башкы прокуратура жети күндүн ичинде кылмыш ишин козгоого негиз бар же жогун аныктап чыгат. Эгер негиз болсо, Атамбаевден кол тийбестикти алуу маселеси талкууланат.

Copyright © 2017 Maral FM