Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Карамушкина үй камагына алынды

Кыска кабар | 23 Авг 2019 | 668 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кечээ, 22-августта Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасы каралып, үй камагына алынды. Бул тууралуу Ички иштер минстрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тергөө кызматы тарабынан Чүй облусунун Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү болгон окуя боюнча сотко чейинки иликтөө уланып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Башкы прокуратура депутат Ирина Карамушканага Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүмү менен 244-беренесинин 3-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштарды (барымтага алууна катышкандыгы үчүн) жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдаманы тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM