Биз менен байланышыңыз

Альфия Самигуллина: Атамбаевдин күнөөсү тастыкталбаса, Жогорку Кеңеш кандай жоопкерчилик тартат?

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 428 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллина эгерде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү тастыкталбай турган болсо, Жогорку Кеңеш кандай жоопкерчилик тарта тургандыгына кызыкты.

«Биз мамлекеттин мурунку башчысын бириккен кылмыштуу топ түздү деп ар тараптуу сындадык. Биз аны уюшкан кылмыштуу топ деп айтып жатабыз. Атамбаевдин өзгөчө оор кылмыш кылгандыгы боюнча ишенимдүү маалыматтар жок. Эгерде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү тастыкталбай турган болсо, Жогорку Кеңеш кандай жоопкерчилик тартат?» — деди Альфия Самигуллина.

Каныбек Иманалиев «Атамбаев Конституцияга каршы кылмыштуу топ түзгөн» деп жазууга башпрокурор өзү уруксат бергенин маалымдап, күнөөлүү-күнөөсүзүн Жогорку Кеңеш аныктабай турганын, болгону моралдык жоопкерчилигин карап, башка жарандар сыяктуу эле сурак берип чыгуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип жатышканын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM