Биз менен байланышыңыз

«Чалдыбар — Автожол» бекетинен 1 млн сомдук аткез товар кармалды

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 552 | 0

Кечээ, 19-июнда «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1 миллион сомдук аткез товарды алып өтүүгө аракет кылган казак жараны колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин кызматкерлери Казакстандан келаткан «Honda-Stepwagon» үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүгө алган учурда, ичинен «Avon», «Faberlic» фирмаларына таандык 35 куту парфюмерия чыккан. Унаанын айдоочусу товардын коштоочу документин көрсөтө алган эмес. Атайын кызмат тарабынан аткез товардын баасы 1 миллион сом болору аныкталган. 

Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, унаанын айдоочусу жүгү менен кошо Чек ара кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.   

Copyright © 2017 Maral FM