Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеште «Парламенттик демократия» долбоору талкууга алынды

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 572 | 0

Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча түзүлгөн жумушчу тобунун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда «Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия» долбоорун талкуулаган жыйын өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган жумушчу топтун төрагасы, депутат Абдывахап Нурбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн алкагында парламенттик демократиялык багытты күчтөндүрүү зарылчылыгын белгилейт.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин коммуникациялык стратегиясы тууралуу маалымат берилип, депутаттар менен шайлоочулар ортосундагы байланышты чыңдоо маселелери талкууланды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Аппаратынын кызматкерлери, Өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана тармактык серепчилер катышты.

Белгилей кетсек, «Жарандардын жигердүү катышуусундагы күчтүү парламенттик демократия» долбоору Кыргызстанда парламенттик демократияны бекемдөөгө багытталган.

Copyright © 2017 Maral FM