Биз менен байланышыңыз

Былтыр Эсептөө палатасынын сунушу менен 24 адам кызматтан алынган

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июн 2019 | 491 | 0

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын сунушу менен 103 кызматкерге сөгүш берилип, 24 адам кызматтан алынган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы бюджеттик кодекс күчүнө кирип, Эсептөө палатасына чоң укук берилген. Ага ылайык, кайсы бир жетекчинин күнөөсү менен финансылык тартип бузуу аныкталса, Эсептөө палатасы жетекчини кызматтан алуу боюнча сунушун бере алат.

«Алсак, былтыр мамлекеттин тышкы карызы 637 млн сомго так эмес эсептелинген. Аны түзөөгө аракет кылдык, бирок жыйынтыгында ошол кездеги Каржы министрине жана анын орун басарларына сөгүш берилди», — дейт Марипов.

Copyright © 2017 Maral FM