Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 20-июнда өлкөнүн кээ бир райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 13…18… күндүз: 28… 33 °C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 9….14….күндүз: 25…..30°C;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 14…19….күндүз: 30……35 °C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 10…15….күндүз: 20…25°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 9….14…..күндүз: 20….25°C;
20-июнда Бишкекте күндүз күн ачык болуп,түнкүсүн кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 31….33°C, түнкүсүн 13…15°C.