Биз менен байланышыңыз

Жаңы дайындалган министрлер Парламентте ант беришти

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 372 | 0

Бүгүн 19-июнда Жогорку Кеӊештин трибунасында Экономика министри Санжар Муканбетов, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Өкмөттүк Аппараттын жетекчиси — министр Самат Кылжыев, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев ант беришип, өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал жаӊы өкмөт мүчөлөрүн кызматка расмий киришкени менен куттуктап, аларга чоӊ жоопкерчилик тагылып жатканын эске салып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү депутаттардын алдында ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM