Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Преференциалдык шайлоо ыкмасын колдоого даярмын

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Июн 2019 | 584 | 0

Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча түзүлгөн жумушчу топ преференциалдык шайлоо ыкмасы боюнча бир пикирде эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева «Марал» радиосуна берген маегинде шайлоо мыйзамдарында чукул өзгөрүүлөр болбогонун билдирди.

Анын айтымында, өлкө преференциалдык шайлоо ыкмасы менен кетсе, аймактарга бөлүнүү күчөшү ыктымал. Ошондой эле, шайлоого катышкан талапкер 2 жолу чыгымга учурайт да, өзүнүн партиялаштары менен ат салышууга туура келет.

«Азыр шайлоонун жыйынтыгы бонча эсептөө талаш жаратпайт. Ал эми преференциалдык шайлоонун жыйынтыгы боюнча эсеп талаш туудурат. Мындайда ар бир талапкер соттошот», — дейт Касымалиева.

Касымалиева эл өкүлдөрү преференциалдык шайлоо ыкмасын сунушташса, колдоого даяр экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM