Биз менен байланышыңыз

«Преференциалдык шайлоо: Көп добуш алган талапкер алдыга жылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Апр 2021 | 1427 | 0

Преференциалдык шайлоо ыкмасында партия лидерине эч кандай артыкчылыктар берилген эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тизмедеги бардык талапкерге бирдей шарт түзүлөт.

Көп добуш алган талапкер тизмеде алдыга жылат.

«Эгерде партия лидери кайсы бир талапкерден аз добуш алып калса, тизмеде артка жылдырылат. Бул чыныгы лидерлерди аныктоого да шарт түзөт», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM