Биз менен байланышыңыз

«Преференциалдык ыкмада талапкерлер бирдей акча чогултат»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Апр 2021 | 1874 | 0

Депутаттар преференциалдык ыкма менен шайланса, күрөө партияны каттап жатканда төгүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда күрөө 1 млн сом. Бүгүнкү күнгө чейин акчанын күчү менен партияда алдыңкы тизмеге кирип алгандар кездешкен. Ал эми преференциалдык шайлоо ыкмасында талапкерлер бирдей суммада каражат чогултат.

Преференциалдык ыкма өнүккөн өлкөлөрдө пайдаланылат. КМШ өлкөлөрүндө колдонулбайт. Бул шайлоо системасын колдонгондордун парламенти оң натыйжасын берген.

«Бул ыкма менен шайлоодо жалпы өлкөгө таанылгандардын мүмкүнчүлүгү кененирээк. Айрым райондордо көп, кээ бир аймактан такыр депутат чыкпай калышы мүмкүн, ага эч ким кепилдик бере албайт. Бирок партиялар ар бир аймактан добуш алууга кызыкдар болот», — дейт Сулайманов.

Ал белгилегендей, Башмыйзамдын жаңы долбоорунда депутаттарды тандоонун 3 жолу каралган. Эгерде партиялык тизме тандалса, анда преференциалдык шайлоо ыкмасы колдонулат. Бул — элге добуш берүү укугун кайтарып берүүнүн эң оптималдуу жолу. Муну бийлик да колдоп, жумушчу топ түзүлүп, иштеп жатат.

Эл өкүлү аралаш шайлоо системасына макул эмес. Ал преференциалдык ыкманы колдойт. Анткени мындай тандоо парламентке кесипкөй, билимдүү адамдарды алып келерине ишенет.

Copyright © 2017 Maral FM