Биз менен байланышыңыз

Ээрчиме жаштардын эртеңи кооптуу

Блог | 20 Июн 2019 | 1190 | 0

Ээрчиме, оома, күн карама сапаттын жаштарга да сиңип кеткени өкүндүрөт. Кырчындай тоону томкором деген жаштардын бири элдин каргышына калган саясатчынын же саясий топтун колтугунда корголоп жүрсө, дагы бири эл душманынын камчысын чаап жүрөт.

Эң өкүнүчтүүсү, билбей туруп сүйлөгөндөр, макаланы окубай туруп комментарий жазгандар, текстти түшүнбөй туруп башкаларга оюн таңуулагандар көбөйдү. Тилекке каршы, алардын басымдуу бөлүгү жылына бир китеп окубагандар. Маселе китеп окуганда деле эмес, жакшы адамдардын курчоосунда жүрүп деле акылын тунук кармагандар бар. Жүрөк өйүткөн маселе – дал ошол китеп окуп, чет жерди көрүп, тил билип, эл таанып келген жаштардын билимдүү катмарынын ээрчиме же оомалыгында. Тырышчаак жана мээнеткеч адамдын баары билим алууга жөндөмдүү. Бирок аз болсо да, ошол билимдин сиңимдүү жана жугумдуу болгону маанилүү.

Кыргызстан эгемендүү болгондон бери адамдардын мүмкүнчүлүктөрү да, артыкчылыктары да бирдей болуп калды. Бүгүнкү күндө университетти бүтпөй жатып, Европа же Американы көрүү, болбосо 2-3 дипломдуу болуу кадыресе көрүнүш. Мындай артыкчылыкка ээ жаштар миңдеп, он миңдеп саналат. Демек муну менен көкүрөк каккылоо же дүйнөнү куткаргандай сес көрсөтүү — жакшылыктын белгиси эмес. Адам канчалык жер кыдырып, канчалык ачылыштарды жасабасын, көзү менен көкүрөгү дүйнөнү бирдей тааный албаса – аянычтуу. Тилекке каршы, бул категорияга (байкабай) түшүп калган замандаштарымдын күн өткөн сайын көбөйүп баратканы өкүндүрөт. Өлкөнү мышык ыйлай турган абалга кептеген «улуу муунду» (албетте түздөн түз тиешеси бар жетекчи жана кошоматчы, кайдыгер топ) сындап жатып, жаш муундун ошол багыттан арыла албаганы өтө жаман көрүнүш. Жамандан сабак алынат: айрымдар шүгүр кылса, башкасы тообо кылат. А биз ач айкырык, сын-пикир менен гана чектелип калуудабыз.

Козу гриль жейсиңби, мастава ичесиңби — маанилүүсү, сиңимдүүлүгүндө жана ашказаныңдын көтөрүмдүүлүгүндө. Алыңа жараша кол узата бил. Бир ууч топ жалпы жаштардын атын булгап, коомдун ишеничине доо кетирип жатат. Жакын досумдун төрт сөз менен айтканын кеңешин силерге да айтам: «Адам айылында үй-бүлөсүнүн, шаарда айылынын, борбордо облусунун, чет жерде Мекенинин күзгүсү болот. Каерде жүрбөйлү, кайсы бир топтун өкүлү, чагылдыруучусубуз. Ошондуктан, баскан-турганыбызды, сүйлөр сөзүбүздү ирээттеп алганыбыз оң болот».

Коомду кыйроого учуратуучу 3 негиз бар: кайдыгерлик, караңгылык (түркөйлүк), бөлүнүүчүлүк (жаатташуу). Сөзүнө турган, өзүн коомдун бир бөлүгү катары кабылдап, ар бир өзгөрүү өзүнөн да көз каранды экендигин түшүнө билген; сабатсыздык жарга такап, бөлүнүүчүлүк жардан ары түртүп ийген зыяндуу көрүнүш экенин баамдай алган жаш муун өсүп чыкпаса, бүгүнкү жаатташкан кыргыз коому 100 жылда да өзгөрбөйт. Анын жакшы же жаман жакка өзгөрүүсү — сен экөөбүздөн көз каранды. Жогору же ылдыйга шылтаганды коюп, өзүбүздүн жашообуздун көркүн чыгарганга бел байлайлы. Кыргызстан – жалгыз, биз – көпчүлүкпүз. Өлкөнүн топурагын басууга бизден кийинки муундун да акысы бар. Келечек интеллектуал, ыймандуу жаштардын колунда! Мурду бок, ээрчиме, оома, мурдунун учунан алысты көрө албаган жаштарга Кыргызстандын бир ууч топурагы да буюрбасын!

Дипломдуу болордон мурда — билимдүү, билимдүү болордон мурда — адам бололу!

 

Аззамбек ЖЭЭНБАЙ уулу

Copyright © 2017 Maral FM