Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Чүй облусунда көчмө кабылдамалар ишке кирди

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 483 | 0

Чүй облусунда 2 көчмө кабылдама ишке кирди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин расмий сайтында кабарланды.

Көчмө кабылдманын негизги максаты жайкы туристтик мезгилге карата чет өлкөдөн келген жана жергиликтүү эс алуучулардын коопсуздугун сактоо болуп саналат. Ошондой эле,  жарандардан түшкөн арыз-даттанууларды кабыл алып, көйгөйүн ыкчам чечүүнү, жардам сурагандарга кеп-кеңештерди берүүнү жүзөгө ашырат.

Бул көчмө кабылдамаларда үчтөн кызматкер нөөмөттө турушуп, өздөрүнө бөлүнгөн жол карталар боюнча иш алып барышат. Аталган пункттар жайкы эс алуу мезгили аяктаганга чейин 1-көчмө кабылдама Аламүдүн районундагы Ленин айылынан тарта «Гавайи» эс алуу борборуна чейинки аймакты күзөткө алса, 2-көчмө кабылдама «Гавайи» эс алуу борборунан Ысык-Көл облусуна чейинки айлампа жолдогу коопсуздукту камсыз кылышат.

Copyright © 2017 Maral FM