Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга 8 заманбап көчмө медициналык комплекс келди

Кыска кабар | 1 Июл 2021 | 362 | 0

Бүгүн, 1-июлда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду каржылаган «Ден соолук кербени» долбоорунун алкагында 8 көчмө медициналык комплекстерди кабыл алды.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр Кыргызстандын өнөктөштөрүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө ушундай техникага муктаж экенин билдирди.

«Кыргызстандын алыскы тоолуу жерлеринде сапаттуу медициналык тейлөөнүн жетишсиздиги байкалат. Анализдерди кабыл алуу, УЗИ, рентген жана так диагноз коюуда көйгөйлөр бар. Ушуга байланыштуу Евразия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен биз заманбап медициналык жабдуу алдык. Техника Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына, андан тышкары Улуттук госпиталга берилет. Андан ары сапаттуу меджардамга муктаж болгон аймактарга жөнөтүлүп турат. Баткен облусуна жана анын райондоруна, чек арага жакын аймактарына өзгөчө көңүл бурулат», — деди министр.

«Ден соолук кербени» долбоорунун максаты — ар кандай ооруларды, анын ичинде эрте баскычты аныктоо үчүн даректүү профилактикалык текшерүүлөрдү уюштуруу менен айылдык жана жетүүгө кыйын аймактардагы калктын ооруларынын алдын алуу жана диагностоону жакшыртуу.

Долбоор боюнча гранттык каржылоонун көлөмү 2 млн долларды түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM