Биз менен байланышыңыз

Жеңиш паркында мэриянын концерти өтөт

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 361 | 0

21-июнда Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгы музыкалык кече уюштурат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Концерт Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында кечки саат 19:00дө болот.

Бишкек шаарынын симфониялык оркестри коштогон классикалык, эстрадалык жана элдик жанрдагы ырчылардын концерти жогорку деңгээлде өтөрү маалыматта айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM