Биз менен байланышыңыз

КСДП: Депутаттык комиссия түзүүдө мыйзам одоно бузулган

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 445 | 0

Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн депутаттык комиссия түзүүдө Жогорку Кеңеш мыйзам бузган. Мындай маалыматты КСДП партиясынын башкы штабы таратты.

Алардын билдирүүсүнө ылайык, Конституциянын 28-беренесинде адамдын жоопкерчилигин белгилөөчү же оорлотуучу мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Анткени, Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 24-ноябрында «экс-президент» макамын «КРнын президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамда экс-президентти жоопко тартуу карала электе алган.

«Жогорку Кеңеш ушул жылдын 4-апрелинде аталган мыйзамга өзгөртүү киргизип, экс-президентти статусунан ажыратуу менен жоопко тартууга уруксат берген. Башмыйзамдын 28-беренесине карай турган болсок, мыйзам күчүнө киргенден кийинки гана чечимдерге таасир этиши керек. Буга чейинки мөөнөткө тиешелүү болбойт», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин регламентинде экс-президентти статусунан ажыратуу укугу депутаттарга берилбегенин, ал үчүн алгач «Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектиги айтылган. Мындан тышкары, ушул эле мыйзамга ылайык, комиссиянын ишинин жүрүшүндө кызыкчылыктардын карама-каршылыгы болсо, курам шайланганга чейин талапкерлигин алууга милдеттүү экени эскертилген. Бирок комиссияга Алмазбек Атамбаев менен кызыкчылыктары карама-каршы келген депутаттар Талант Мамытов, Канат Исаев, Каныбек Иманалиев жана Кожобек Рыспаев киргенин белгилеген.

Андан тышкары, экс-президентке айып коюуда далилдер так болушу керектиги, бул боюнча маалымат ачык көрсөтүлбөгөнү да жазылган.

«КРнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 28-беренеси да бузулган. Ага ылайык, ченемдик-укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде КРнын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилиши керек. Киргизилбеген учурда акты юридикалык күчкө ээ болбойт. Жогорку Кеңештин атайын комиссия түзүү боюнча токтому реестрге киргизилбегени үчүн эч кандай күчкө ээ эмес».

Кошумчалай кетсек, 13-инюнда Жогорку Кеңеш мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди «экс-президент» макамынан ажыратуу жана жоопкерчиликке тартуу үчүн депутаттык комиссия түзгөн. Аталган комиссия 7 күн ичинде ишин жыйынтыктап, корутундусун чыгарышы керек.

Copyright © 2017 Maral FM