Биз менен байланышыңыз

Атамбаевди экс-президенттиктен ажыратуу үчүн сунушталган 9 айып 6га чейин кыскартылды

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 516 | 0

Эки күндүк иликтөөдөн соӊ, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн сунушталган 9 айып 6га кыскартылды. Бул тууралуу Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төмөндөгү 6 айыптын негизинде Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу сунушталган:

  1. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар;
  2. Тарых музейин оӊдоодогу мыйзам бузуулар;
  3. «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы;
  4. Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар;
  5. Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуу маселеси;
  6. Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына чыгарып берип, анын бир бөлүгүн өзү пайдаланышы;

Белгилей кетсек, депутаттык комиссиянын корутундусунун долбоору эми Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде каралууга тийиш.

Copyright © 2017 Maral FM