Эки күндүк иликтөөдөн соӊ, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн сунушталган 9 айып 6га кыскартылды. Бул тууралуу Атамбаевди экс-президенттик статусунан ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында белгилүү болду.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, төмөндөгү 6 айыптын негизинде Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу сунушталган:
- Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар;
- Тарых музейин оӊдоодогу мыйзам бузуулар;
- «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы;
- Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар;
- Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуу маселеси;
- Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой айылындагы 4,6 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына чыгарып берип, анын бир бөлүгүн өзү пайдаланышы;
Белгилей кетсек, депутаттык комиссиянын корутундусунун долбоору эми Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетинде каралууга тийиш.