Биз менен байланышыңыз

Калыков: Үй-бүлөлүк дарыгерлердин 70% пенсия курагында

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Июн 2019 | 425 | 0

Айылдарда үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишпейт. Алардын 70 %ы пенсия курагында. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акыл Калыков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Алардын саны өспөсө, алдыңкы 10 жылда баштапкы деңгээлдеги дарыгерлерден куру калабыз. Мындан улам, дарыгерлердин маянасын көтөрүү каралган. Мурда 11 миң алса, учурда индикатордун негизинде кошумча 10 миң сом алып жатышат. Үй-бүлөлүк дарыгерлердин жалпы айлык акысы 21 миң сомдү түзөт. Ал эми кадимки шарттагы дарыгерлердин эмгек акысы 12 миң сомдун тегерегинде турат», — дейт Калыков.

Маалыматтарга ылайык, саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөлөрдү жоюу үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлердин кызматына баалоо киргизилген. Аларга атайын индикатордун негизинде 19 миң сомго чейин кошумча акы төлөнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM