Биз менен байланышыңыз

Калыков: I жана II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелгендер акысыз дарыланат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Июн 2019 | 466 | 0

Кыргызстанда калктын 64,5 %ы милдеттүү камсыздандыруу полисин алышкан. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акыл Калыков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, камсыздандыруу полисин алган жарандар мамлекеттик кепилдик программасына ылайык, айрым дарыларды 50 % жеңилдик менен алышат. Мындай дарылардын тизмеси Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун расмий сайтында жайгаштырылган.

Ошондой эле, I жана II топтогу майыптар жана 70 жаштан жогорку курактагы жарандар акысыз медициналык жардам алууга укуктуу.

«Эгерде жарандар камсыздандырылган болсо, кошумча төлөмдүн 50 %ын гана төлөйт. Дарыгерлер башка каражат талап кылса, мыйзамсыз болуп саналат», — дейт Калыков.

Кошумчалай кетсек, алынган медициналык камсыздандыруу полиси 15 күндүн ичинде күчүнө кирет. Баасы: бир жылга 1200 сом.

Copyright © 2017 Maral FM