Биз менен байланышыңыз

Казакстанда шаар башчылары менен облус акимдери дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 473 | 0

Казакстандын Алматы, Чымкент шаарларына жана бир катар облустарына жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу казак маалымат булактары билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кечээ кол койгон буйруктарынын негизинде шаар мэрлери жана облус акимдери жаңы кызмат орундарына киришти.

Белгилей кетсек, Казакстандын башмыйзамына ылайык, жаңы президент шайланганына байланыштуу Өкмөттүн курамы жана облустардын, шаарлардын жетекчилери 12-июнда отставкага кеткен болчу.

Copyright © 2017 Maral FM