Биз менен байланышыңыз

Казакстанда жаңы министрлер дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 423 | 0

Казак Өкмөтүнүн бүгүнкү иш күнү жаңы дайындалган министрлердин ант берүүсү менен башталды. Бул тууралуу Sputnik Қазақстан маалымат кызматы жазды.

Маалыматка ылайык, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин кечээ кол койгон буйругунун негизинде кызмат орундарга дайындалган Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов, Экология, геология жана табият ресурстары министри Магзум Мырзагалиев, Маданият жана спорт министри Актоту Райымкулова, Соода жана интеграция министри Бакыт Султанов бүгүн Казак Өкмөтүнүн алдында ант беришти.

Белгилей кетсек, Соода жана интеграция министрлиги, Экология, геология жана табият ресурстары министрлиги Токаевдин жарлыгы менен жаңы түзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM