Биз менен байланышыңыз

«Ал мага бул тууралуу 3,5 жыл мурун айткан»: Токаев Назарбаевдин чечими тууралуу

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 609 | 0

Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Тоқаев Euronews телеканалына алгачкы маегин берди. Анда ал Нурсултан Назарбаевдин ордуна кандайча келип калганы тууралуу да айтып өттү.

Токаевдин айтымында, Нурсултан Назарбаев өлкөнү башкарууну өткөрүп берүү боюнча ага мындан 3,5 жыл мурун айткан.

«Ал мага мындан 3,5 жыл мурун, «Сен кийинки президент болосуң», — деген. Албетте, ал убакыт маселеси болчу. Биз болгону ушул учурду тандадык», — деген Токаев өз маегинде.

Анын айтымында, Назарбаев саясаттан кеткен жок.

«Мен аны менен стратегиялык маселелер боюнча кеңешүү зарыл деп эсептейм жана ошентемин. Нурсултан Абишевич өзү да Казакстанда кош бийлик болбой турганын, ал болгону жаңы президентке жардам берерин билдирген. Анын бизге канчалык жардам берери эми өзүнө байланыштуу», — деп кошумчалаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM